Turmush — Баткен районунун Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн жогорку зонасында 62 кожолук кооптуу аймакта жашап жатат. Бул тууралуу ӨКМдин кызматкерлери билдирди.
Маалыматка караганда, алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо Согмент, Жаңырык, Сары-Талаа жана Кайыңды айылдарында жер көчкү, таш кулоо жана сел жүрүү кооптуулугу бар жерлерде жашаган адамдарга коопсуз жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ар бир жаранга жана айыл өкмөт башчыларына эскертүү кагаздары берилди.
Аталган айыл аймак боюнча жалпы 62 кожолук сел жүрүү, таш кулоо жана жер көчкү кооптуулугу бар аймакта турат. 62 кожолуктун 48и мамлекеттен жардам, жер, судда алган. Ал эми 14 үй-бүлө жер да, судда да алган эмес. Ал эми 7 кожолук акчалай суда алган.