Turmush — 35 жылдык эмгек тажрыйбасы бар медайым Айгүл Курманалиева учурда Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда кабыл алуу бөлүмүндө эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен кесиптик жолу жөнүндө маек курду.
Медайым 1970-жылдын 14-майында Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Орто билимди Чыпай Асеков атындагы орто мектептен алып, 1987-жылы Нарын медициналык окуу жайына тапшырып, балдар боюнча медайым адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1990-жылы Ат-Башы райондук ооруканасынын кан борборунда медайым болуп баштаган. Бул жерде 1990-2004-жылдары иштеп тажрыйба топтогон. Андан соң 2004-2008-жылдары Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда СПИД багыты боюнча лаборант болуп эмгектенген. Министрликтин буйругунун негизинде 2008-2009-жылдары кайрадан кан борборуна которулуп, медайымдык ишин уланткан.
2008-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ат-Башы райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кабыл алуу бөлүмүндө үзүрлүү эмгектенип келет.
- Эмне себептен ушул кесипти тандадыңыз?
- Бала кезимден мугалим болгум келчү. Балдарды тизип алып, «сабак өтүп» ойночумун. Арабаев университетинин математика-физика факультетине тапшырып, бирок өтпөй калдым. Ата-энемдин кеңеши менен медучилищеге тапшырып, ошондон бери ушул кесипте келе жатам. Кесибимди сүйөм, сыйлайм, ар дайым жогору коём. Бул жолду тандаганыма эч өкүнбөйм. 2020-жылы жаш курагым боюнча пенсияга чыксам да, эмгек жолумду улантып келем.
- Кабыл алуу бөлүмүндөгү жумуштун өзгөчөлүгү эмнеде?
- Кабыл алуу бөлүмү абдан жоопкерчиликтүү. Анткени оорулуулар биринчи ушул жерге кайрылышат. Биздин милдет — бейтаптарга кечиктирилгис биринчи жардам көрсөтүү жана аларды тиешелүү бөлүмдөргө өз убагында багыттоо.
- Психологиялык чыңалууларды кантип жеңесиз?
- Ооруканага эч ким жыргап келбейт. Төрөт бөлүмүнөн башка бөлүмдөргө келгендердин баары ден соолугунан көйгөй тартат. Ошондуктан ар бир бейтапка сабырдуулук менен мамиле кылуу зарыл. Кээде пикир келишпестиктер да болот, бирок сабырдуулук менен жеңип кетем. Конфликтке барбоого аракет кылам.
- Медайымдык иштин келечеги кандай болот деп ойлойсуз?
- Мурун бардык иш кагаз жүзүндө жүргүзүлчү. Азыр компьютердик базага киргизип иштеп жатабыз. Келечекте толук электрондук система болсо дейм. Заманбап аппараттар, инструменттер жетиштүү болуп, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй шарттар Нарын облусундагы бардык ооруканаларда түзүлсө деген тилегим бар.
- Келечекте медайым болом деген кыздарга кандай кеңеш бересиз?
- Ар ким өз жөндөмүнө жараша кесип тандашы керек. Медицина тармагын тандагандар жакшы билим алып, кесибин сүйүшү зарыл. Адамдар менен иштешкен соң адамгерчилик сапат жогору болушу керек. Тазалыкты, этика жана деонтологияны сактап, өз укугун да, бейтаптын укугун да билүүсү абзел.
- Жумуштан чарчап, тажап кеткен учурлар болобу?
- Албетте болот. Күнү-түнү сменага чыгабыз. Ар кандай абалдагы адамдар келет. Кээде катуу сөз уккан учурлар да болот. Бирок бул жумуштун да өз ырахаты бар: үй-бүлөңдү багасың, адамдарга жардам бересиң. Биздин кесип ар түрдүү, кызыктуу.
- Эсиңизде калган окуяны айтып берсеңиз.
- Окуялар көп. Бир жолу 3 жаштагы бала ата-энеси менен келди. Атасы унаага колдонгон клейди ачык коюп коюптур. Бала ойноп жатып клейди чайкап, көзүнө чачыратып алган экен. Дароо көзүн муздак суу менен чайкап, ооруну басаңдатуучу дары сайып, дарыгердин жолдомосу менен Нарын шаарына көз дарыгерине жөнөткөнбүз.