Turmush — Баткен районунун Кара-Булак айылындагы Суу-Башы булагы соолуп калды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган булак учурунда бир өзөн болуп агып, айыл эли да ошол суу бар жерге байыр алып, отурукташып калгандыгы тууралуу айың кептер айтылат. Булактын жанында өскөн кылым карыткан чынар терек ал булактын көп жылдардан берки агып турганын айгинелейт. Эл арасында ар кандай уламыштар айтылып, булак тууралуу окуялар көп.
Булак бүтүндөй айыл элин ичүүчү суу, сугат суу менен камсыздап, 15 жыл мурда эле айылда дыйканчылык жакшы өнүгө баштаган эле. Бирок акыркы жылдары суунун көлөмү азайып, дыйкандар, дарак өстүрүү менен гана алектенип, эгин талаалар иштетилбей калган.
1 гектар үлүшү, 30 сотых жери иштетилбей, бак-дарактарынан эчак эле түшүм албай калган Абдиллаким Абдураимов эми мал-жандык да кармай албай калабызбы деп сарсанаа.
«Илгери биз жаш кезибизде, Кых жайлоосуна кеткен сайда да булактай болуп кайнап суу агып жата берчү. Булактын суусу да ушул сай боюу агып турчу, эл да аз болгонуна байланыштуу биздин айылда суу тартыштыгы жок эсе болгон. Кошуна айыл же шаарга караганда суулуу жер болчу. Дыйканчылык менен алектенип, базардан жашылча, жер-жемиш сатып албайт элек. Жок эле дегенде картошка, пияз сабизди өзүбүз өстүрүп, кышы менен сатып албайт элек.
Убагында тамеки өстүргөнбүз. Баарына маалым тамеки сууну эң көп талап кылат. Кийинчерээк эл көбөйдү, ага жараша суу да азайып кетти. Акыркы 15 жыл ичинде кескин азайып, эгин айдабай калдык. Алма өстүрүп багбанчылык кылчубуз 3-4 жылдан бери арзан акчага сатып калдык. Анткени суу ичпеген дарактын мөмөсү соолуп, жакшы түшүм алалбай калат экенсиң. 45 күндө кезек жетет. Өрүк алма бактары да каралбай калды. Тоют да жок, эми мал да кармай албай калабызбы?
Илгери ушул 20-30 сотых жерден эгинден сырткары айланасын оруп, 3-4 ирет орот элек. Ошол кышта малга тоютка жетет эле. Азыр бир карыш чөп чыгат бир оруп алсаң аласың, кайра оро болбойт.
Эми башка суу алып келүүнун жолу — жерден суу чыгаруу, скважина куруу. Маселени чечүү үчүн жергиликтүү бийлик буга чейин келип көрүп, жерден суу чыгарабыз деп, бир-эки жерди карап кетишкен. Ошол менен дайыны жок келбей да коюшту. Анын үстүнө эми эле келген өкмөт алмашып кетет. Ага дагы маселеңди айтышың керек.
Ичүүгө дагы башка Кара-Суу деген булак бар. Ошол булактан ичебиз. Ал токтосо суусуз калабыз. Бул булактын негизи көлөмү аз. Атайын суу сактагыч кылып, элге сааты менен берилет. Ошол да токтоп калган учур болду. Айыл эли ташып калган учурлар болду. Азыр да жашоочулардын көпчүлүгүндө суу сактагычтар бар. Атайын көп көлөмдүү идиштерге суу ташыган унаалар менен сатып алышат. Болбосо суу жетпеген көчөлөр бар да. Дыйканчылыктын ордуна мал баккандар бар. Анан шаарлап иштегендер көп. Үйдү салып коюп, өздөрү ички сырткы миграцияда», -деди Абдураимов.
Эми эле көчөт алып келип отургузуп жаткан Бекбол Бакыт уулу көчөттөрүм эми эмне болот деп тынчызданып турат.
«Булактын соолуганын деле укпаптырмын. Минтип көчөт сатып алып отургузуп жаткам. Кабарды угуп колум да ишке барбай калды. Кара-Булак айылын суу менен камсыздап турган ошол булак. Айыл элинин ушул жерге келип отурукташып калганынын себеби да ушул да. Баткенден мурда Кара-Булак айылы түптөлгөн деп айтышчу эле карыялар.
Акыркы учурларда суу азайып жаткан. Былтыр Кара-Булактын тоосунда мөңгүлөр түгөнүп, көптөгөн мал-жандыкты жайылган Чирикти жайлоосунда суу калбай, жайдын ортосунда эле мал жайыттан түшүп келүүгө аргасыз болгон. Анан быйыл ушул убактарда булактан суу кичине агып туруш керек эле, биротоло токтоп калды. Мындай эч болгон эмес эле.
Булактын астын көрө элек болчубуз. Бул суу кургаса айылдагы болгон бак-дарагы куурап жок болот. Жашоо кыйындашат, кургакчылык болот. Бир эле Кара-Суудан ичкенге суу болуп калат. Эми жерди казып «буровойлорду» чыгарыш керек», - деди ал.
Табышмактуу булактын сыры:
Turmush басылмасы 2017-жылы Кара-Булак айылындагы Суу-Башы булагы жөнүндө жазган. Анда айыл эли булактын жанында 500 жылдан бери өсүп жаткан терек бар экенин айтып беришкен. Анын кайсы заманда ким тарабынан тигилгени белгисиз. Булактын суусу жаз-күз бүтүндөй Кара-Булак айылындагы 900дөй түтүндү сугат суу жана таза суу менен камсыздап турат. Элеттиктер Суу-Башы суусун эзелтеден ааламдын 7 табышмагынын бири деп аташат. Анын табышмактуулугу булакка суунун мынчалык көп запасы кайдан келет деген суроого келип такалат. Жер астындагы бир агым менен чыгып турган Суу-Башы жана Сары-Таш суулары Кара-Булактагы Ак-Дөбөдөн кошулуп бир дарыяны түзгөнү, кийин ар кандай доорлор өтүп, бара-бара ал дарыя жоголуп кеткени айтылат.
Тарых илимдеринин кандитаты Абдинаби Кадыровдун айтымында, 1871-жылы орус саякатчыларынын бири Баткен аймагына келген. Ал өзүнүн «Түркстанга сапар» аттуу китебине Кара-Булак эли сууну Казак дарыясынан алып ичет деген маалыматты калтырган. Жергиликтүү эл ичинде «Дөңмөн, Дөңмөндүн үстүн көмгөн» деген сөз айтылып келет. Илгери Суу-Башы суусу бир өзөн дарыя болуп, айылдын гана эмес, Баткендин бир нече айылын суу менен камсыз кылганы айтылат. Дарыя бойлой жашаган эл бакубат жашоодо жашап жүргөндө эки хандын ортосунда келишпестиктер пайда болуп, бири Дөңмөн дарыясындагы Суу-Башынын жер асты менен башталган туннелдин арыгынын оозун кийиздер менен бекитип, таштар менен тосуп салат. Ошондон тартып «Дөңмөн, Дөңмөндүн үстүн көмгөн» деген сөз айтылып калган.
Суу-Башы суусунун азайып кеткенине байланыштуу суу кайсы тараптан келээрин аныктоо үчүн айыл тургуну Жоробек Абдисаттаров аны изилдей баштаган. Эгер чынында эле оозу бекитилип калган туннелдин арыгынын оозу табылып ачылса, анда Баткен аймагынын жалпы суу жетпей турган жерлери суу менен камсыздалмак.
2007-жылы 21-августта Баткен шаарындагы таза суу чорголорунан кызгылт түстөгү суу чыгып кеткен. Ошол учурда таза суу келүүчү Сары-Таштын жана Суу-Башы суулары да кызыл түстө агып жаткан. Донмондук жашоочулар катуу жаандан кийин дарыя кызгылт түскө боелуп калгандыгын айтышкан. Андан улам экспертизадан өткөргөндө бардык суу бирдей делген корутунду чыккан.
Дарыядан суу кирген туннелдин оозун табуу керектигин ойлонгон Жоробек Абдисаттаров Гидротехникалык, геологиялык жардамдарга муктаж болуп, депутаттарга чейин кайрылган. Бирок алар «жакшы иш баштаптырсың» дегенден башкага жараган эмес. 2007-жылдан бери унаа барбаган Донмон суусунун башына жетүү үчүн 2 күндөп жөө жүрүп, дарыянын ар бир таштарын карап, Донмондогу бекилип жаткан суунун табышмагын тапкан. Аны уккан эл аны колдоп, техникалык жабдыктар, унааларга чейин колдоо көрсөтүшкөн. Жергиликтүү бийлик дарактарды кесүүгө уруксат бергенден кийин 2016-жылы жаштардан түзүлгөн топ кезек-кезеги менен 10-15 күндөн иштей башташкан. Алардын негизги максаты агып жаткан суунун курун эч бир жардыруусуз, башка тобокелчиликке барбай туруп, шахталык туннел арыгы аркылуу сууну мурдагы жер астындагы агымга жеткирүү болгон. Туннелди казып бүтүүгө 2 метрдей аралык калганда аба ырайы кескин өзгөрүп, иш токтоп калган. Бирок, суу куруна келүүчү агым каптарга толтурулган кумдар менен тосулуп, айылга баруучу суунун көлөмү көбөйгөн. Натыйжада Кара-Булак айылына кыш мезгилинде да суу келип, иштебей калган тегирмендер иштей баштаган.
Эгер шахталык туннел аягына чейин чыгып, мурдагы жер астында агып жаткан сууга кошулса, анда бүтүн Баткен аймагы суу менен кеңири камсыздалмактыгы айтылган.
2024-жылы айыл тургуну Жоробек Абдисаттаров бул булактын суу айылдан алыс эмес Дөңмөн суусунан келет деп изилдеп, натыйжада сууга кошулма салып көргөнүн айтып берген. Анын божомолун эл колдоп, ашар жолу менен суунун көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылышкан. Бирок натыйжа болбой келет. Анткени ал үчүн мамлекеттик деңгээлде колдоо керектигин айтышкан.
Кайсы бир учурларда булактан кызыл суу чыгып калат. Дал ошондо айыл эли мал союп, түлөө өткөрүп турушкан. Ошол булактан улам Кара-Булак айылы Кара-Булак деп аталып калынган. Элеттиктер акыркы жолу 2007-жылы кызыл түстө суу чыкканын айтышкан.