Turmush — Кадышев Нурбек Түмөнбаевич Чүй облусунун Ысык-Ата районунун покурору болуп дайындалды.
Turmush басылмасына райондук администрациядан билдиришкендей, жаңы прокурор райондук жетекчиликке, айыл өкмөт башчыларына, мекеме-түзүм жетекчилерине тааныштырылды.
Нурбек Кадышев буга чейин Башкы прокуратурада иштеген.
2024-жылдын 21-июнунан баштап Ысык-Ата районунун прокурору кызматын Байзаков Бакытбек Үсөнович аркалап келген.