Turmush — Ак-Талаа районунда окуучулар арасында «Мектеп лигасы — 2026» спорттук мелдешинин райондук туру башталды.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жайдарбек Сыдыковдун айтымында, 28-март күнү «Дүйнөлүк бийиктик, улуттук дем, уңгу жол» саамалыгынын алкагында жана «Кылмышсыз келечек» урааны астында «Мектеп лигасы — 2026» спорттук мелдешине старт берилди.
Мелдешке райондогу 18 орто мектептин окуучулары катышып жатат. Алар волейбол, баскетбол жана футбол боюнча күч сынашууда.
Жыйынтыгында жеңүүчү командалар облустук турга жолдомо алышат.