Turmush — Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Жаңы-Талап айылындагы орто мектепке 440 миң сомдук жабдуулар алынып берилди.
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиевдин айтымында, Жаңы-Талап айылындагы Байымбет атындагы орто мектептин окуу кабинеттеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусун арттыруу, билим сапатын жогорулатуу жана заманбап талаптарга жооп берген окуу шарттарын түзүү максатында райондук өнүктүрүү фондуна сунушталган долбоор жактырылган.
Анын негизинде жалпы суммасы 440 миң сомдук заманбап жана керектүү жабдуулар сатылып алынып, мектепке тапшырылды. Анын ичинен долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 53 миң сом бөлүнгөн.
Жабдууларды сатып алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулар порталында сынак жарыяланып, анын жыйынтыгында жеке ишкер Сейиталы Кударатиллаев жеңүүчү болуп табылган. Ал мектепке керектүү жабдууларды жеткирип берген.