Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынын окуучусу эл аралык дилбаян жазуу сынагында жеңишке жетишип, өзү окуган мектебин 10 даана компьютер менен камсыздады.
Ала-Буга айыл аймагына караштуу Чолок-Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин орус тили жана адабият мугалими Рыскелди Умаров Turmush басылмасына берген комментарийинде бул сынак жыл сайын уюштурулуп келерин билдирди. Анын айтымында, окуучулар арасында эл аралык дилбаян жазуу сынагынын 6-айлампасында Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Ханзаада Орозобекова баш байгени жеңип алып, заманбап үлгүдөгү уюлдук телефон жана диплом менен сыйланды. Ал эми өзү окуган мектебин 10 даана компьютер жана 1 даана принтер менен камсыз болушуна себепкер болду.
Аталган сынакка Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Казакстан жана Өзбекстандан 56 жалпы билим берүүчү орто мектебинен 750 дөн ашык дилбаян келип түшкөн. Ханзаада Орозобекова «Улуу Жеңиш менин үй-бүлөмдүн тарыхында (Великая победа в истории моей семьи)» деген темада дилбаян жазды.
Мындан тышкары, окуучунун ийгилигинин артында турган мугалимдери Рыскелди Умаров ноутбук, Нарынгүл Асаналиева ыраазычылык кат жана атайын төш белги менен сыйланды.
Мугалим Рыскелди Умаров билимдүү окуучунун арты менен компьютердик класс ачылгандыгын айтты.
«Дилбаян жазуу сынагы 6 жылдан бери өтүп келет жаткан экен. Менин мугалим болуп иштеп баштаганыма 5 жыл болду. Эң биринчилерден болуп Ханзааданын эжеси Жазгүл Орозобекова катышып, байгелүү орунга жетпесе дагы кызыктыруучу орунга жетишкен. Эки жыл Жазгүл катышыптыр. Андан кийинки жылы окуучум Рахим Талиповду катыштыргам. Катыштырган жылы ал дагы байгелүү орунга жете алган эмес. Кийинки жылы катыштырганымда республика боюнча 2-орунду алды.
Өткөн жылы Ханзаада жана анын сиңдиси катышып, сиңдиси байгелүү орунга, Ханзаада кызыктыруучу орунга жетишкен. Быйыл Ханзаада кайрадан катышып, 5 өлкөнүн окуучулар катышкан сынакта баш байгени багындырды.
Окуучуларыбыздын, мектебибиздин аталган дилбаян сынакка 6 жылдан бери үзгүлтүксүз катышып жаткандыгы үчүн демөөрчү кылган уюм тарабынан мектептин материалдык базасын чыңдоо максатында 10 даана жаңы компьютер жана 1 даана принтер тартуулашты. Албетте, буга Ханзааданын чоң салымы бар», - деди Умаров.