Turmush — Баткен районунун Кыштут айыл өкмөтүнө караган Согмент айылында 63 жаштагы Ашим Имаров 20 жылдан бери суу тегирмен иштетет. Бул айылдагы иштеп турган жалгыз тегирмен.
Анын айтымында, тегирмен электр энериясынын жардамысыз, аккан суу менен кыймылга келет. Согмент айылында мындан сырткары дагы төрт таш тегирмен бар. Бирок алар ушул тапта иштебей турат.
«Бул тегирмен суунун шар аккан ылдамдыгы менен иштейт. Ага электр энергиясы керектелбейт. Агып келген суунун ылдамдыгы тегирмендин астындагы шаймандарды айландырганда таштары айланат. Андан соң салынган буудайды айланган таштар майдалап, ун кылып чыгарат. Мында тартылгын ундун наны ден соолукка пайдалуу, сиңимдүү болот», - деди ал.
Ашим Имаров айыл эли мурдагыдай кайрак жерлерге дан эгиндерин айдабай калганын айтат. Андыктан элеттеги тегирменчилердин көбү ишин токтотуп, буудай тарттыргандардын саны азайган.
«Тегирмендин унун өзгөчөлүгүн баалагандар — улуу муундагылар», - дейт ал.