Turmush — Ысык-Көл облусунда 62 жаштагы бейтаптын бетин майда учук каптап, ооруканага түшкөн. Андан кийин аны тез жардым унаасы менен Бишкек шаарына жөнөтүшкөн.
Бейтап — Түп айыл аймагынын 1959-жылы туулган тургуну Э.З. (аял киши) үстүбүздөгү жылдын май айынан баштап чыйрыгып, ооруп баштаган. Андан кйин бети-башын майда учук каптап, 7-май күнү облустук бириккен ооруканага кайрылган. Ал жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган.
Бейтаптын жээни Динар Жакиеванын айтымында, буга чейин тай эжеси бир дагы жолу ооруканага кайрылып көргөн эмес.
«6-май күнү жакын туугандардын кыркына барганда чыйрыгып жатканын айтып, кулагы кызарып, бети шиший баштаган экен. Эртеси Жети-Ѳгүздүн Кызыл-Суу айылына жумуштап барып, ал жакта өзүн начар сезип, унаадан түшпөптүр. Тааныш дарыгерлерден кеӊеш алып, бетине зелёнка сүйкөптүр. Кичине басылымыш болуп, кайрадан чыдатпай катуу ооругандан улам ооруканага барган. Дарыгерлер бир да анализ албай, 3 күн бою жөн эле кармап жатышты. Учук (герпес) деп диагноз коюлуп, эртеси кислородго туташтырып коюшту. Биз кандай болуп кетет деп кооптондук. Себеби тай эжемдин оорусу күчөп, тамак иче албай, учуктан бети көрүнбөй, колтугу, көкүрөгүнө чейин каптап, кыймылдай албай калды.
Бишкек шаарына алып кетүүнү туура көрдүк. Бул жактын дарыгерлери тез жардам унаасы жок экенин айтып, унаа табылса да, кислород жетпейт экенин айтышты. Тааныштардан жардам сурап кайрылып жатып, 9-май күнү саат 16:00-17:00 чамасында тез жардам чыгып, тай эжемди Бишкекке алып жөнөдүк. Ал жактан дароо эле пневмония деп аныкталып, дары-дармек берилди. Азыркы тапта өзүнө келип, жакшы болуп калды. Эгерде Караколдо дагы кармап жата бергенде тай эжемди жоготуп алуу коркунучунда турган элек», -деди ал.
Бул окуя боюнча облустук бириккен оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Айман Курманова маалымат берди. Анын айтымында, 62 жашагы бейтап ооруканага дене табы көтөрүлүп, оор абалда келип түшкөн.
«Э.З. аттуу аял 7-май күнү кечинде ооруканага дене табы 39 градуска көтөрүлүп, оор абалда келди. Майрам күн болгонуна байланыштуу аны нөөмөттөгү дарыгерлер кабыл алып, биздин бөлүмгө жаткырып, алдын ала учуктун күчөп кеткен инфекциялык түрү деген диагноз коюлган. Ошентип 8-май күнү кабыл алып, сатурациясын өлчөгөндө 88-89га түшүп кеткенин байкап, дароо эле кычкылтек консентраторуна туташтырып, керектүү дары-дармекти алууну бекиткем. Адегенде дене табы түшүп, табити ачылып, жеӊилдеп калган. Анан ал түнү кайра дене табы көтөрүлүп, оорусу күчөптүр. 9-май күнү да майрам болгонуна байланыштуу нөөмөттөгү дарыгерлер көзөмөлгө алып жаткан. Бейтаптын жакындары Бишкек шаарына жеке менчик тез жардам менен алып барарын айтып, мени кайрадан чакырып, диагноз боюнча корутунду жазып берүүнү сунарышты. Ошол маалда тез жардамды күтсөк келген жок. Мен дарыгер катары 10-майга чейин жандандыруу бөлүмүндө кармап, рентгенге тартып, толук жыйынтык чыгарууну сунуштасам, ага көнгөн жок. Анан Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы менен маакулдашып, бул жактан тез жардам унаасына бир реаниматолог жана бир медайымдын коштоосунда жеткирилди.
Негизи пневмония өтүшүп кеткенде денени учук каптап кеткен учурлар болот. Көбүнчө пневмония (гербетическая пневмония) өтүшүп кеткенден улам учук чыгып кетет», - деди дарыгер.