Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен адам өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.
Алардын айтымында, жол-транспорт кырсыгы бүгүн, 13-майда саат 05:40 чамасында Кербен—Кош-Дөбө унаа жолунун Улук айылынын аймагындагы тилкесинде болгон. Жолдун чукул бурулушунда «ВАЗ 21-06» («Жигули») унаасынын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, рулга ээ боло албай, өз жолунда келе жаткан «Хонда Стэпвагон» унаасы менен кагышкан.
«Биз Улук айылынан чыгып бара жатканбыз. Бир учурда Кербен шаарынан Кош-Дөбө айыл аймагын көздөй келе жаткан «Жигули» унаасы чукул бурулушка келип, каршы тилкеге чыкты. Ага чейин өз жолу менен «Хонда Стэпвагон» да келе жаткан. «Жигули» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, каршы тилкедеги унааны сүздү. Заматта эле «Жигулинин» тамтыгы чыгып, бүктөлүп калыптыр. Анда 4 адам келе жаткан экен, айдоочу ошол жерден жан берди. Ал эми «Хонда» унаасындагы жүргүнчүлөр Бишкек шаарынан Ала-Бука районунун көздөй бара жатыптыр. Биз жараат алгандарды унаадан чыгарып, тез жардам чакырдык», - дейт күбө.
Ал эми Аксы аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Медербек Осмонов жол кырсыктан жабыркаган 2 киши жандандыруу бөлүмүндө жатканын, алардын абалы оор экенин билдирди.
«Кербен—Кош-Дөбө унаа жолунда катталган жол кырсыктан кийин биздин ооруканага жалпы 13 киши келген. Алардын ичинен экөөнүн — 1986-жылы жана 1982-жылы туулган бейтаптардын абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө, дагы 2 адам — 35 жана 37 жаштагы кишилер сынык-жараат бөлүмүнө жаткырылды. Калган бейтаптар амбулатордук жардам алып, чыгып кетишти. Алар Ала-Бука районунун тургундары экен.
Азыркы тапта эки бейтаптын абалы оор деп бааланууда, алар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө турат. Кырсыктын кесепетинен Кош-Дөбө айыл аймагынын 1995-жылы туулган тургуну Ж.Б. каза болду. Анын сөөгүн өлүк сактоочу жайга алып кетишти», - дейт башкы дарыгер.
Буга чейин ӨКМ аталган жол кырсыганан айдоочу каза болуп, 7 эркек киши жана 3 аял киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.
- Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда жалпы 117 жол кырсыгы катталып, 20 адам каза болуп, 180дей адам жаракат алган.