Turmush — Суусамыр дарыясына агып кеткен 42 жаштагы Бакир Исаковду издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
- Буга чейин Бакир Исаковдун карындашы Назима Исакова издөө иштери солгун болуп, агасы 3 күндөн бери табылбай жатканын, издөө иштерине дагы куткаруучулар керек экенин билдирген болчу.
- Исаков Бакир Шарапатинович Панфилов районунун Вознесенов айылдык кеңешинин депутаты.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган жаран 112 кызматына телефон чалып, Суусамыр өрөөнүндөгү дарыянын аралчасында калган жылкысын чыгарып берүүнүн өтүнгөн.
«112 кызматынын нөөмөтчүлөрү бир нече жолу чалуу түшкөндөн кийин, суунун көлөмү көп экенин, түшүүгө кооптуу экенин эскертишкен. Бирок, ал жаран сууга кирип, жылкысын алып чыгууну талап кылган.
11-май күнү саат 11:00 чамасында куткаруучулардын бир нече жолку эскертүүсүнө карабай, Б.Исаков кайык менен өз алдынча сууга кирүүгө аракет кылганда куткаруучулардын бири аны менен чогуу кайыкка отурган.
Кайык суунун катуу агымына туруштук бере албай, оодарылып кеткен. Куткаруучулар Б.Исаковду куткарууга аракет кылышкан. Бирок, тилекке каршы суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан, кайыкка отурган куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон. Ал эми Б.Исаков сүзүп чыга албай калган.
Издөө иштери ошол күндөн бери жүргүзүлсө да, өз натыйжасын бере элек. Бүгүнкү күндө сууга агып кеткен жаранды издөө иштерине 20 куткаруучу жана 5 суучул тартылган. Куткаруучулар топ-топторго бөлүнүп, Суусамыр дарыясында жана жээктерде издөө иштерин жүргүзүүдө», - деп айтылат маалыматта.