Turmush — Кечээ, 13-майда Чүй облусунун Москва районунда боз үй тилилип, айыл чарба техникалары, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын кол эмгектери көргөзмөгө коюлуп, келечектеги кесиптер жармаңкеси өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Жаштарды кесипке багыттоо максатындагы жармаңке райондук мамлекеттик администрациясы, билим берүү бөлүмү, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Ага жогорку жана атайын кесиптик окуу жайларынан мугалимдер, студенттер жана райондун 9-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү катышты.
«Бүгүн кесипке багыт берүүнүн алкагында көргөзмөлүү жармаңке өтүп жатат. Албетте, бул кандайдыр бир деңгээлде келечек ээлеринин кесип тандоосунда өз натыйжасын берет», - деп райондун акиминин орун басары Мунара Мамаджанова райондогу атайын кесиптик окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө токтолду.
Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Сыдыкова: «Жармаңкенин өтүлүшү чоң саамалык. Жакшы жөрөлгөнү студенттер менен окуучулардын, окумуштуу-окутуучулар менен мугалимдердин жолугушуусу, пикир алышуусу катары да баалоого болот. Биз баарына ийгилик каалайбыз», - деди.
Ошондой эле, Манас социалдык айылынын жетекчиси, көзү азиз Гүлбарчын Такыбашева социалдык мекемелердеги көйгөйлөрдү да айтып берди.
Аталган жармаңкеде жогорку окуу жайынын окутуучусу Үмүт райондогу Биринчи май айылынын 29 жаштагы тургуну, майып арабадагы Улан Асановдон үй ичинде кийүүчү бут кийимди сатып алды.
Ал эми Муракедеги Манас социалдык айылынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, 28 жаштагы Мээрим менен 29 жаштагы Баяман «Ден соолук» аталышындагы ырды ырдап беришти.
Катышуучуларды корей элинин музыкалык аспаптарында жаңырган музыка жана улуттук бийи кызыктырды.