Turmush — Нарын шаарынын автобекетинде кымыз сатыла баштады, деп билдирди аймактык кабарчы.
Жакынкы жайлоолордо бээ саап, кымыз сезонун ачкандар кымызды 170 сомдон сатып жатышат. Көп жылдан бери Ат-Башы районунда кымыз сатып келе жаткан Калича Жакыпова бир жуманын аралыгында кымыз ташып, сата турганын билдирди.
«Биз эми сатып баштайбыз. Кымызды бөксө жайлоолордон алабыз. Азыркы үркөр чыкканга чейинки сүт ден соолукка жакшы. Адамдын иммунитетин көтөрөт. Бирок баасы кымбат болуп жатат. Чөп катыган кезде өтө күчтүү болуп, ооруларды козгойт», - деп билдирди Калипа Жакыпова.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.