Turmush — «Альянс Алтын» компаниясы өрттөнүп кеткен бала бакчаны оңдоого 5,3 миллион сом жардам берди.
Маалым болгондой, Кара-Буура районуна караштуу Сулуу-Маймак айылынын бала бакчасы өрт кырсыгына кабылып, күйүп кеткен. Аталган бала бакчаны калыбына келтирүү үчүн «Альянс Алтын» компаниясы оңдоо иштерине 4,5 миллион ал эми ички эмеректерине 800 миң сом акчалай жардам берген. Бала бакчанын мүдүрү «Альянс Алтын» компаниясына, бөбөктөрдүн келечегине кайдыгер карабаганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» 2022-жылдын январь айына карата 1 жыл иштөө мөөнөтүндө эле өлкө казынасына 5 млрд сом салык төктү. Ал каражат облусту өнүктүрүүгө жумшалат. Мындан тышкары компания өзү дагы фонд аркылуу облуска активдүү жардам берип келет.