Turmush — Кечээ, 26-мартта саат 20:30 чамасында Токтогул районунун Ала-Бел ашуусундагы унаа кырсыктан 2 адам каза болду. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу «Вольво» унаасынын жолуна чыгып, кырсык болгон.
«Биз барсак жаңы эле жол кырсыгы орун алган экен. Тилекке каршы айдоочу эркек киши жана жүргүнчү катары бара жаткан аял киши да мүрт кетип, аларды жол четине жаткырып коюптур. Өкүнүчтүүсү сокку башына тийип, каза болгондордун биринин баш мээси жолго чачылып кетиптир», - деди ал.
Аталган жол транспорт кырсыгын Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн да тастыктап, каза болгондор бир үй-бүлө мүчөлөрү экенин, алар Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарынын тургундары экенин билдирди.
«Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын 1966-жылы туулган тургуну Ж.Ө.Ч. өзүнө «Хендай Соната» үлгүсүндөгү унаасын түштүктөн түндүктү көздөй башкарып бара жатып, карама-каршы багытта келе жаткан «Вольво» унаасынын жолуна чыгып барып кырсыкка кабылган. Натыйжада жеңил унаасынын айдоочусу жана жүргүнчү катары бара жаткан 1974-жылы туулган келинчеги Ж.А.О окуя болгон жерде каза болгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.